Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-январы № 22-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 "2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтомунун 5-пунктун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин электр жана жылуулук энергиясын уурдоо тууралуу кылмыш иштерине укук колдонуу иш-аракети жана далилдөөлөрдү топтоо бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары, жумушчу топтун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, жумушчу топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо боюнча борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин тарифтик жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги.
2. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды жумушчу топтун ишине белгиленген тартипте тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ