Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-февралы № 27-б
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомун жана алтын казуу тармагын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомуна төмөндөгү акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттик пакетин башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берсин, алар:
- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (мамлекеттик үлүш - 79,05%);
- "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (мамлекеттик үлүш - 100%).
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги менен "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун ортосундагы Акциялардын мамлекеттик пакетин башкаруу келишимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|