Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-февралы № 28-б
Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жетинчи жыйынынын 2009-жылдын 28-декабрындагы Протоколунун 4-пунктун аткаруу үчүн жана эки тараптуу мүлктүк маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү максатында:
1. Төмөнкү курамда (кызмат орду боюнча) жумушчу топ түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министринин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Суу чарба агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн региондук проблемалар секторунун эксперти;
- Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
- Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
- Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Баткен облусунун Баткен районунун башкармалыгынын начальниги;
- "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик башкы генералдык директору (макулдашуу боюнча);
- Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топ:
- алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы келишпестиги бар боюнча объекттердин тизмесин түзүп, өзбек жак менен маалымат, укугун белгилөөчү жана башка документтер менен алмашышсын;
- көрсөтүлгөн жумуштардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө аралык маалымат 2010-жылдын мартында берсин;
- жасалган жумуштардын натыйжалары боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын жетекчилерине ылайыктуу сунуштарды киргизсин.
3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жумушчу топтун ишине жардам көрсөтүшсүн.
4. Жумушчу топко белгиленген тартипте укук берилсин:
- жумушка эксперттерди, консультанттарды, министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын, административдик ведомстволордун жана уюмдардын жооптуу кызматкерлерин жана адистерин тартууга;
- коюлган маселени ишке ашырууга мамлекеттик органдардан материалдарды сураганга жана жардам алганга.
5. Министрликтердин, мамлекеттик кызматтардын жана административдик ведомстволордун, башка аткаруу бийликтин органдарынын жетекчилери жумушчу топко, анын жумушуна жардам көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жумушчу топтун иш-аракеттерин уюштуруу, методикалык жана башка жагынан камсыздоо жүктөлсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|