Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-февралы № 35-б
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин "Кол тийбес камылгасын" инвентаризациялоо жана андан ары пайдалануу боюнча сунушун даярдоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Жапаров А.У. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри, комиссиянын төрагасы;
Торобаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Байгуттиев Ж.С. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Султанов Ш.Г. - Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Иманалиев А.Н. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Асанходжаев Р.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти;
Жамгырчиев Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору;
Иманов Ж.А. - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин директору.
2. Комиссияга эки айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин "Кол тийбес камылгасынын" материалдык баалуулуктарына инвентаризация жүргүзсүн;
- материалдык баалуулуктарды андан ары пайдалануу үчүн абалын, жарактуулугун жана баасын аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин "Кол тийбес камылгасын" андан ары пайдалануу боюнча сунушун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|