КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-февралы № 36-б
Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудай данынын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңыртууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жаңыртуу иретинде:
- мамлекеттик резервден 2006-2007-жылдарга коюлган 13077 тонна аштык буудай данын брондон чыгарсын;
- буудайды "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна берсин.
2. "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому мамлекеттик резервге ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана коюудагы талаптар" шарттарына жооп берген, камырдуулугу 23%дан жана 3-класстан кем эмес 14385 тонна аштык буудай данын 2010-жылдын 1-сентябрына чейин койсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|