Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-февралы № 37-б
Кыргыз Республикасынын маалымат коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы санариптик теле берүүлөрдү ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруунун ийгиликтүү тажрыйбасын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги жана башка кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги зарыл шарттарды (ченемдик, укуктук, уюштуруучу жана ресурстук, анын ичинде тиешелүү радио жыштыктарды бөлүп берүү) түзсүн жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы санариптик теле берүүлөрдү ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу тажрыйбасын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жайылтууну камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому менен бирдикте (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына санариптик теле берүүлөрдү ишке киргизүүнүн долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыксын жана долбоорду келечекте ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине берсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|