Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-февралы № 39-б
Жер-жерлерде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча 2010-жылга иш-чаралар планын республиканын региондору иштеп чыгып бергендигине байланыштуу:
1. Кыргыз Республикасынын облустарынын, шаарларынын, райондорунун жана айыл округдарынын деңгээлинде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар планынын тиркелген тизмеси (мындан ары - Пландар тизмеси) бекитилсин.
2. Облустук, шаардык, райондук мамлекеттик администрация жана айыл округдарынын башчылары Пландар тизмесинде көрсөтүлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө 2010-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 2010-жылдын 15-июлуна карата жана 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча 2011-жылдын 15-январына карата маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин аймактык органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|