Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-февралы № 43-б
2010-жылдын 4-5-мартында Нью-Дели шаарында (Индия Республикасы) болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын кезектеги бешинчи отурумунун ишине катышуу үчүн:
1. Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индия комиссиясынын (мындан ары - комиссия) кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Курманалиев Капар Зарлыкович - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, комиссиянын төрагасы;
Оролбаева Ирина Абдыевна - Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси;
Каратаев Мадамин Мусаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Примов Алмазбек Абдыакимович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Жунусов Болот Төлөгөнович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Чолпонкулов Таалайбек Аскарбекович - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттигинин директору;
Сыдыков Данияр Батырович - Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Давлеталиев Амангельды Сатарович - Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Мамбетов Болот Саткынович - "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коомунун коммерциялык директору (макулдашуу боюнча);
Кулматов Болот Турусбекович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Секретариатынын эл аралык кызматташуу жана протокол кызматынын эксперти;
Жусупов Бакыт Алиевич - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин үчүнчү катчысы (макулдашуу боюнча);
Иманбеков Турсунбек Төлөмүшович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин инвестициялык жана тышкы экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
Абылгазиев Рыспек Исмаилович - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим, инновациялар жана илимий-техникалык маалыматтар башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Бөрүбаева Айзада Таштанкуловна - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын маалыматташтыруу бөлүмүнүн башчысы;
Тургунбаева Асел Абдыракмановна - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын катчысы.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте республиканын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча ишке тартууга укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Нью-Дели шаарына (Индия Республикасы) баруусуна байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-сентябрындагы № 316-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |