Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-февралы № 44-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Мамлекеттик резервдеги аштык буудай данынан тартылган унду сатуу үчүн, ошондой эле жана ай сайын жөлөк пул алуучу балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б менен тартылган 1-сорт ундан 11514,9 тонна, 2-сорт ундан 1984,6 тонна унду брондон чыгарып, карыз катарында мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу сактоочуларына жана башка чарба субъектилерине белгиленген тартипте унду өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги берген тизмеси боюнча Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген 4222,4 тонна унду облустук, райондук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларына өткөрүп берсин;
- бир булактан сатып алуу методу менен транспорттук тейлөөнүн мамлекеттик сатып алууларын ишке ашырсын жана райондордун шаарлардын борборлоруна чейин унду жеткирип берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 10 күндүн ичинде мындан ары колдоо көрсөтүү үчүн балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны боюнча маалыматты тактасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жиберсин.
3. Райондун мамлекеттик администрацияларына:
- райондук социалдык коргоо башкармалыгынын берген разнарядкасы боюнча айылдык округдарга чейин унду жеткирүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык унду бергендиги жөнүндө отчет берсин.
4. Айылдык округдар райондук социалдык коргоо башкармалыгынын берген тизмеси боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пособие алуучу балдары бар ар бир үй-бүлөгө 32 кг ун эсебинде Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген унду акысыз негизде бөлүштүрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун жооптуу сактоочу ишканалары жана башка чарбакер субъекттери 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 жана 2-сорттогу 13499,4 тонна унду өлкөнүн ички рыногунан "Буудай. Даярдоодо жана берилүүдөгү талаптар" 9353-90 ГОСТунун шарттарына туура келген 3-класстагы ун үчүн камырдуулугу 23 пайыздан кем эмес 1-сорттогу ундун катышы 1:1,3 жана 2-сорттогу ундун катышы 1:1,1 болгон 2009-2010-жылдардын түшүмүнөн аштык буудайына алмаштырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна унду кабыл алуу жана аны райондук борборлорго жана шаарларга чейин жеткирүү менен байланышкан сарптоолордун ордун толтуруу үчүн акча каражатты каржыласын, ушул буйруктан келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б буйругунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 721-б буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-февралы № 44-б
(КР Өкмөтүнүн
2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б,
2011-жылдын 14-январындагы № 9-б
буйругунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик резервдеги аштык буудай данынан тартылган унду сатуу үчүн, ошондой эле жана ай сайын жөлөк пул алуучу балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 1-сентябрындагы № 483-б менен тартылган 1-сорт ундан 11514,9 тонна, 2-сорт ундан 1984,6 тонна унду брондон чыгарып, карыз катарында мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун жооптуу сактоочуларына жана башка чарба субъектилерине белгиленген тартипте унду өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги берген тизмеси боюнча Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген 4222,4 тонна унду облустук, райондук мамлекеттик администрацияларга, Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларына өткөрүп берсин;
- бир булактан сатып алуу методу менен транспорттук тейлөөнүн мамлекеттик сатып алууларын ишке ашырсын жана райондордун шаарлардын борборлоруна чейин унду жеткирип берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 10 күндүн ичинде мындан ары колдоо көрсөтүү үчүн балалуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны боюнча маалыматты тактасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жиберсин.
3. Райондун мамлекеттик администрацияларына:
- райондук социалдык коргоо башкармалыгынын берген разнарядкасы боюнча айылдык округдарга чейин унду жеткирүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген гуманитардык унду бергендиги жөнүндө отчет берсин.
4. Айылдык округдар райондук социалдык коргоо башкармалыгынын берген тизмеси боюнча ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пособие алуучу балдары бар ар бир үй-бүлөгө 32 кг ун эсебинде Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген унду акысыз негизде бөлүштүрүшсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 73-б буйругунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун Кара-Суу-Дан-Азык" ачык акционердик коомунан башка жооптуу сактоочу ишканалары жана башка чарбакер субъекттери 2010-жылдын 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 1 жана 2-сорттогу 13499,4 тонна унду өлкөнүн ички рыногунан "Буудай. Даярдоодо жана берилүүдөгү талаптар" 9353-90 ГОСТунун шарттарына туура келген 3-класстагы ун үчүн камырдуулугу 23 пайыздан кем эмес 1-сорттогу ундун катышы 1:1,3 жана 2-сорттогу ундун катышы 1:1,1 болгон 2009-2010-жылдардын түшүмүнөн аштык буудайына алмаштырсын.
Жооптуу сактоочу ишкана - "Кара-Суу-Дан-Азык" ачык акционердик коому 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна ушул пунктта көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген, 2011-жылдын түшүмүнөн алынган аштык буудайды сактоого койсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-январындагы № 9-б буйругунун редакциясына ылайык)