Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 15-февралы № 45-б
Москва шаарында (Россия Федерациясы) болуучу ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын 64-жыйынына (2010-жылдын 17-18-февралы) жана ЕврАзЭСтин интеграциялык комитетинин 48-жыйынына (2010-жылдын 26-февралы) катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Жапаров Акылбек Үсөнбекович(*) - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;
Аттакуров Раимкул Арзимаматович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Касейинов Кубат Үсөнкулович(***) - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Абдылдаев Бакытбек Табылдиевич(****) - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;
Сагынбеков Алмазбек Оңолбекович(*) - Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министринин жардамчысы;
Рец Татьяна Борисовна(**) - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармасынын начальниги;
Бийбосунов Руслан Мелсович(***) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);
Юсупов Бакыт Юсупович(*) - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин экинчи секретары (макулдашуу боюнча);
Кошонов Рустам Анарбекович - Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин экинчи секретары.
2. Делегация мүчөлөрүнүн аталган жыйындарга катышуусуна байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
(*) ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү - 2010-жылдын 25-27-февралы);
(**) ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына (командировканын мөөнөтү - 2010-жылдын 16-19-февралы) жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү 2010-жылдын 25-27-февралы);
(***) ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү - 2010-жылдын 16-19-февралы);
(****) ЕврАзЭСтеги Туруктуу өкүлдөрдүн комиссиясынын жыйынына жана ЕврАзЭСтин Интеграциялык комитетинин жыйынына катышуу (командировканын мөөнөтү - 2010-жылдын 16-февралынан 1-мартына чейин).
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |