Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-февралы № 47-б
Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын алдында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөөнү азайтуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын карызын чогултуу жөнүндө Париж Клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы Протоколун аткаруу максатында, Анкара шаарында 2006-жылдын 9-мартында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Түркиянын Экспорттук-Кредиттик банкынын ортосунда Карызды кайра түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри - Султанов Марат Абдыразаковичке жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашууга макулдук берүүгө ыйгарым укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |