Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-февралы № 49-б
"1993-жылдын 3-сентябрында күчүнө кирген Конвенцияга түзөтүүлөрдү кошо алганда Вена шаарында 1968-жылдын 8-ноябрында кол коюлган жол кыймылы жөнүндө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 13-февралындагы № 41 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасы 2004-жылдын 28-сентябрындагы "Вена шаарында 1968-жылы 8-ноябрда кол коюлган жол кыймылы жөнүндө Конвенцияга" түзөтүүлөрдүн күчүнө киришине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын эл аралык жол кыймылына тоскоолдуксуз өтүүсү максатында:
1. 1968-жылдын 8-ноябрындагы жол кыймылы жөнүндө Конвенциянын 2004-жылдын 28-сентябрындагы Конвенциянын түзөтүүлөрү менен талаптарына ылайык келген айдоочунун эл аралык үлгүдөгү күбөлүктөрүнүн, улуттук үлгүдөгү айдоочунун күбөлүктөрүн, убактылуу айдоочу күбөлүктөрүнүн, транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын жана эл аралык стандартка жооп берген нормативдик актыларда каралган башка даяр продукцияларды даярдоо жана берүү үчүн тендердик комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Азизов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Даиров С.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Касыкенов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
Нарматов Т.М. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргонууну, укук тартибин жана МОБду финансылоо бөлүмүнүн башчысы;
Жуманова М.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
Имамов К.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо департаментинин директору.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тендерди жүргүзүүгө катышкан мамлекеттик органдар менен бирдикте бир жумалык мөөнөттө тендер өткөрүүнүн шарттарын, тартибин жана мөөнөттөрүн иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Тендердик комиссия:
- айдоочунун эл аралык үлгүдөгү күбөлүгүнүн, айдоочунун улуттук үлгүдөгү күбөлүгүнүн, айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн, унаа каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн, унаа каражатынын техникалык талонунун бланктарын, нормативдик актыларга ылайык башка атайын продукцияны даярдоо жана жеткирип туруу боюнча тендерди өткөрсүн;
- тендерди өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча тендердин жеңүүчүсүн айдоочунун эл аралык үлгүдөгү күбөлүгүнүн, айдоочунун улуттук үлгүдөгү күбөлүгүнүн, айдоочунун убактылуу күбөлүгүнүн, унаа каражаттарын каттоо күбөлүгүнүн, унаа каражатынын техникалык талонунун бланктарын, нормативдик актыларга ылайык башка атайын өткөрүүнүн даярдап жана жеткирип туруучу ишкананы, бланктардын үлгүлөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө сунуштайт.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |