Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-февралы № 52-б
Көрүнүктүү коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Дикамбаев Казы Дикамбаевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда мамлекеттик комиссия түзүлсүн:
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Каниметов Ж.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Мусаев А.И. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Мамбетов М.А. - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Турдумамбетов Т.О. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министри;
Төрөбаев Б.Э. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Мамаев М.А. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-катчысы;
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору;
Темирбаев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Түлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;
Кумаров Б.С. - Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
Өмүркулов Т.С. - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысы.
2. Маркум менен жарандардын коштошуу ырасымы 2010-жылдын 18-февралында саат 11ден тартып А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратында өткөрүлсүн.
3. Сөөк коюлуучу жер Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү болуп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы (макулдащуу боюнча) К.Д.Дикамбаевдин каза болгонуна байланыштуу жарандык коштошуу ырасымы өткөрүлгөн күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында ардак кароол койсун.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунда каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарынан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
А.Жапаров |