Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 20-февралы № 55-б
Бельгиянын Брюссель шаарында 2010-жылдын 23-февралында болуучу Кыргыз Республикасы - Европа Союзу кызматташтыгы боюнча Кеңештин он биринчи жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Сарбаев Кадырбек Тельманович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министри (макулдашуу боюнча);
Азылов Жыргалбек Кумарович - Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Европа Союзундагы туруктуу өкүлү;
Дикамбаев Азамат Шамильевич - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынан Европа Союзу менен кызматташуу боюнча Улуттук координатору (макулдашуу боюнча);
Касейинов Кубат Усенкулович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
Чынгожоев Абдымитал Тургуналиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Бейшекеев Кыдыкбек Каниметович - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Суу ресурстары агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
Джумабаев Адыл Суйунович - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин түштүк башкармалыгынын начальниги;
Тилебалиев Айбек Алмасбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин көп тараптуу кызматташуу бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын делегация мүчөлөрүнүн жогоруда аталган жыйынга катышуусуна байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|