Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 20-февралы № 56-б
Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына азык-түлүк паегунун наркын индексациялоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлсүн (кызмат орду боюнча):
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу тобунун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаал министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменттин начальниги.
2. Жумушчу топ:
- бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларына азык-түлүк паегунун наркын индексациялоо жана аларды каржылоо боюнча тиешелүү иш-чараларды ишке ашыруунун конкреттүү механизми менен сунушту карап чыгууга берсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин жана административдик ведомстволордун жооптуу кызматчыларын жана адистерин ишке тартууга укук берилсин.
4. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери жумушчу тобунун ишине жардам көрсөтүшсүн.
5. Жумушчу тобунун ишин уюштурууну, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|