Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-июну № 280-б
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги алтын жана күмүш казуу жана иштетүү менен гана байланышкан "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердигинен жаңы салык режимине ылайык келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн казыналык системасында өзүнчө эсеп ачсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишмердигинен келип түшкөн каражаттарды топтоо үчүн казыналык системасында өзүнчө эсеп ачуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарын түздөн-түз максаттуу багыты боюнча бөлүп берилишин камсыз кылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |