Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 6-июну № 282-б
Бишкек шаарында 2009-жылдын 11-июнунда өтө турган Европалык Союз-Кыргыз Республикасы кызматташтыгы боюнча комитеттин тогузунчу заседаниесине катышуу үчүн:
Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Орозбаева Л.Д. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынан Европалык Союздун Комиссиясы менен кызматташуу боюнча улуттук координатору, делегациянын башчысы (макулдашуу боюнча);
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары, делегациянын башчысынын орун басары;
Айтбаев А.К. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Бегматова А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти;
Боконтаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Каламбекова Б.Р. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Камчыбеков Р.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Суу чарба департаментинин башкы директору;
Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кубаев Б.Х. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Майкозов К.А. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Мамытов М.А. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин отун-энергетикалык комплекс башкармалыгынын начальниги;
Обозова Т.Ж. - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары;
Орозалиев В.К. - Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);
Суваналиев С.И. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасынын орун басары;
Турусбеков Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
Чынгожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы.
Премьер-министр
| И.Чудинов |