Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 10-июну № 286-б
1. Тиркелгендер: "Япониянын Өкмөтүнүн Акысыз жардам көрсөтүү программасы боюнча Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү (JDS)" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосунда нота-каттарды алмашуу жолу менен түзүлүүчү макулдашуунун долбоору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япониянын Эл аралык кызматташуу агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |