Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-июну № 298-б
1. "Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу кызматын жакшыртуу" долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Арсалиев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мамасейитова Б.У. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Турсункулов Н.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Жапаров А.У. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Тюлеев Н.Т. - Бишкек шаарынын мэри;
Абдикаримов С.Т. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Сулайманов К.Т. - "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын директору;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам көрсөтүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине сүйлөшүүлөр протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |