Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 12-июну № 299-б
Молдова Республикасынын Кишинев шаарында 2009-жылдын 18-22-июнунда болуучу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги заседаниесине жана КМШга катышуучу мамлекеттердин "Экспорттук-импорттук операцияларда улуттук валютанын ролун жогорулатуу. Чекене которуулар жана төлөмдөр" деген эл аралык банктык конференциясына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы төмөнкү курамда бекитилсин:
Узакбаев Эмилбек Узакбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин КМШ жана ЕврАзЭС алкагында интеграциялык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын КМШнын Экономикалык кеңешиндеги өкүлү, КМШ иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук координатору, делегациянын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Ибраимова Чолпон Ибраимовна - КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү;
Дыйканов Максатбек Дыйканович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин финансы-экономикалык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги.
2. КМШнын Экономикалык кеңешинин заседаниесине Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусуна байланыштуу чыгымдар "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |