Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-июну № 305-б
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык мамлекеттик менчиктеги жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын макулдугун эске ачуу менен:
1. Улуттук илимдер академиясынын пайдалануусундагы Бишкек шаарынын аймагында К.Акиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянты 0,2475 га жер участогу коомдук муктаждыктар үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берилүүчү жер участоктун бөлүгүн кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине жер участокко укук ырастоочу документтерди кийин тариздөө жана мамлекеттик каттоо менен берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |