Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-июну № 322-б
"Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 13-беренелерине ылайык, Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасынын калкына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
- мамлекеттик материалдык резервден 150 тонна аштык буудайды брондон чыгарсын;
- брондон чыгарылган аштык буудайды ун кылып тартууну уюштурсун жана Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган унду Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасына жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасында жашаган жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактасын.
4. Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы кайтарымсыз негизде бөлүнүп берилген жардамды даректүү тапшырууну камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде зарыл болгон акча каражаттарын төмөнкүлөргө бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык брондон чыгарылган аштык буудайдын запасын толуктоо жана буудайды ун кылып тартууну уюштуруу үчүн;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аталган унду Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасына жеткирүүнү уюштуруу үчүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |