Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-июну № 325-б
Кыргыз Республикасынын аймагында геологиялык чалгындоо иштери, көмүрсуутек кендерин казуу жана аларды кайрадан иштетүү жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү максатында:
1. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) акцияларынын мамлекеттик пакетин менчиктештирүүнүн алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Газпром" ачык акционердик коомунун (Россия Федерациясы) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун (мындан ары - Меморандум) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |