Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-июну № 326-б
Калкка кечиктирилгис тез жардам уюштурууну жакшыртуу максатында, Медицина кызматкеринин күнүнө карата өткөрүлгөн республикалык кароо-конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүсүн - Үй-бүлөлүк медицина борборун сыйлоо үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна белгиленген лимиттин чектеринде Саламаттык сактоону өнүктүрүү фондунда каралган каражаттардын эсебинен бир атайын автотранспорт сатып алууга уруксат берилсин.
2. Автотранспорт сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |