Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 20-июну № 327-б
Орто кесиптик медициналык жана фармацевттик билим берүү секторунда кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү, финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун камсыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек медициналык окуу жайын, Талас жана Кара-Балта медициналык колледждерин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин администрациялык классификациясы боюнча республикалык бюджеттен каржылоого 2009-жылдын 1-июлунан баштап өткөрсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |