КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 22-июну № 328-б
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери жана Кара-Ой айыл өкмөттөрүнө 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин ашыра аткаруудан алынган каражаттардын эсебинен кызматтык максаттарга пайдалануу үчүн бирден жеңил автомашина сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кызматтык автомашиналарды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "Кыргыз Республикасында кызматтык автотранспортту пайдаланууну тартипке келтирүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 618 токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |