Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУГУ
2009-жылдын 23-июну № 330-б
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери үчүн тиешелүү шарттарды тузүү максатында:
Баткен шаарынын мэриясы үчүн администрациялык имарат (мындан ары - объект) куруу максатка ылайык деп эсептелсин:
Объектти долбоорлоонун жана куруунун заказчысы Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын Капиталдык курулуштар башкармалыгы (мындан ары - Капиталдык курулуштар башкармалыгы) болуп аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Капиталдык курулуштар башкармалыгына 2009-2010-жылдарга республикалык бюджеттен объектти долбоорлоого жана курууга 31,0 (отуз бир) миллион сомду, анын ичинде 10,0 (он) миллион сомду 2009-жылга бюджеттин каражаттарынын чектеринде карасын.
Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы объекттин курулушу аяктагандан кийин анын Капиталдык курулуштар башкармалыгы тарабынан оперативдүү башкаруу укугу менен Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берилишин камсыз кылсын.
5 Объектти Д°лбоорлоо жана куруу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлсүн.
6.Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |