Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 23-июну № 332-б
"Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги 2009-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин алдындагы Мамлекеттик архив агенттиги менен бирдикте мурдагы СССРдин тийиштүү региондук жана союздук органдары менен Камбар-Ата гидроэлектр станцияларын куруунун долбоору макулдашылганын ырастачу архивдик документтерди топтоону камсыздасын;
- чогултулган архивдик документтердин негизинде Камбар-Ата гидроэлектр станцияларын куруунун Борбордук Азия регионундагы экологиялык абалга таасири жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий позициясы тууралуу тийиштүү сунуштарды даярдасын;
- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана эл аралык уюмдарга билдирүү үчүн Кыргыз Республикасында гидротехникалык курулмаларды куруунун Борбордук Азия регионундагы айлана-чөйрөгө таасири жөнүндө аналитикалык маалыматты, ошондой эле энергетиканы өнүктүрүү пландары жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берсин;
- Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда Камбар-Ата ГЭС-1 курулушу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- "Интер РАО ЕЭС" жабык акционердик коомунун (Россия Федерациясы), Электр станциялары" ачык акционердик коомунун (Кыргыз Республикасы) жана "КазКуат" акционердик коомунун (Казакстан Республикасы) субъекттеринин ортосунда 2007-жылдын 21-майында Москва шаарында кол коюлган Кадимки жолдоштук келишимге байланыштуу маселелерди жөнгө салуу жөнүндө тийиштүү сунуштарды "Электр станциялары" ачык акционердик коому менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана аткаруу бийлигинин башка органдары Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин суроосу боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан гидроэнергетикалык объекттер жөнүндө болгон материалдарды беришсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| И.Чудинов |