Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 24-июну № 336-б
Бишкек райондор аралык сотунун 2008-жылдын 6-мартындагы чечимин, Бишкек шаардык сотунун кассациялык инстанциясынын 2008-жылдын 30-июнундагы токтомун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын 2008-жылдын 31-октябрындагы токтомун эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети преамбулада көрсөтүлгөн сот чечимдери менен аныкталган мамлекеттик пошлина боюнча 19289427 (он тогуз миллион эки жүз сексен тогуз миң төрт жүз жыйырма жети) сом жана 151447 (жүз элүү бир миң төрт жүз кырк жети) сом өлчөмүндө жеке ишкер В.А.Серковго карызын мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен жойсун.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |