Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 25-июну № 341-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көз карандысыздыгын камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун калктуу конуштарынын ортосунда тынымсыз автотранспорт катнашын уюштуруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын 2010-2012-жылдарга республикалык бюджети жөнүндө мыйзам долбоорду түзүүдө Ала-Бука-Көк-Серек-Көк-Таш автомобиль жолунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоого жана аны курууга финансы каражаттарын белгиленген тартипте караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2010-2012-жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде Ала-Бука-Көк-Серек-Көк-Таш автомобиль жолунун долбоордук-сметалык документтерин даярдоону жана аны курууну ишке ашырсын;
- аталган автомобиль жолунун курулушу аяктагандан кийин балансына кабыл алсын жана аны андан ары кармоону камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бирдикте Ала-Бука-Көк-Серек-Көк-Таш автомобиль жолун куруу үчүн жер участогун бөлүүнү белгиленген тартипте камсыздасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |