Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-июну № 347-б
"Москва шаарында 2009-жылдын 3-февралында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик карыздын бөлүгүн мүлктүк формада жоюу жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына карызынын калганын кечүү жөнүндө макулдашууга ылайык:
1. "Дастан" ачык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын менчигинде турган 48 процент өлчөмдөгү акцияларынын пакети Россия Федерациясынын менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасына ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акциялардын пакетин өткөрүп берүү боюнча документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акциялардын пакетин өткөрүп берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |