Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-июну № 351-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Тянь-Шандын экосистемасын өнүктүрүү" долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Расмий делегация төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Султанов М.А. - Кыргыз Республикасынын финансы министри, делегациянын жетекчиси;
Жапаров А.Ү. - Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри;
Сарбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Давлеткелдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Керимова Н.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
Байгончоков М.К. - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тышкы жардамдарды координациялоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Ахматов С.М. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин жардам берүү стратегиясы башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министри М.А.Султановго сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |