Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-июну № 353-б
Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин кесиптик күнүнө байланыштуу:
1. "Медицина кызматкеринин күнүн" майрамдоого арналган салтанаттуу иш-чаралар 2009-жылдын 6-июлунда өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Капиталдык салымдар" статьясы боюнча каралган 650000 (алты жүз элүү миң) сом суммасындагы каражатты тиркемеге ылайык чыгымдар сметасы боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |