Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 27-июну № 355-б
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Машинасыноочу станция" айыл чарба кооперативинин (мындан ары - "МСС" АЧК) мамлекеттик мүлктүн сатып алуу наркы боюнча карызын тындыруу маселесин чечүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "МСС" АЧКы мамлекеттик мүлктүн сатып алуу наркын төлөө боюнча түшкөн катары 11699800 (он бир миллион алты жүз токсон тогуз миң сегиз жүз) сом мамлекеттик мүлктүн сатып алуу наркын төлөөгө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгына түшкөн акча каражатты эсепке алсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 8116800 (сегиз миллион жүз он алты миң сегиз жүз) сом өлчөмүндөгү Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн жана чарбакер субъекттеринин карыздарын товардык кредит түрүндө бюджеттик ссуда катары таанысын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр жана чарбакер субъекттер карыздарды жойгонуна жана республикалык бюджетке каражаттын түшүшүнө жараша мамлекеттик мүлктүн сатып алуу наркы боюнча "МСС" АЧКы карыздарды жоюу эсебине түшүүчү акча каражатын эсепке алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
- эки айлык мөөнөттө Чүй жана Ысык-Көл облустарын агрардык өнүктүрүүнүн райондор аралык башкармалыктары менен "МСС" АЧКдан кант кызылчасынын жана буудайдын алынган үрөндөрү үчүн карыздары бар чарбакер субъекттердин ортосунда жалпы суммасы 8116800 (сегиз миллион жүз он алты миң сегиз жүз) сомго салыштыруу актыларын түзсүн;
- салыштыруу актыларынын жыйынтыгын эске алуу менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна кант кызылчасынын жана буудайдын алынган үрөндөрү үчүн карыздарды жоюшпаган айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн карыздык милдеттенмелери боюнча кредитордун функциясын өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан берилген салыштыруу актыларынын жана башка зарыл болгон материалдардын негизинде 2010-жылдын аягына чейин кредитти акча каражаты менен кайтаруу мөөнөтүн белгилеп, тиешелүү кредиттик-күрөө документтерин түзүү менен процентсиз ссуда иретинде кант кызылчасы менен буудайдын үрөндөрү боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн карыздарын тариздесин.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна кант кызылчасынын жана буудайдын үрөндөрү боюнча карыздары бар чарбакер субъекттердин тизмесин жана жайгашкан жерин тактоо боюнча, ошондой эле алар менен салыштыруу актыларын, кредиттик-күрөө документтерин түзүү , жана андан ары карыздарды жоюуну кам сыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |