Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-июлу № 377-б
1. "Жалпы жарандык, дипломатиялык, кызматтык паспорттордун жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторунун бланкаларынын жаңы үлгүлөрүн жасоо жана берүү, Контракттын колдонулуу мөөнөтүндө паспортторду автоматташтырылган персонификациялоо системасын иштеп чыгуу, орнотуу жана эксплуатациялоо" жөнүндө инвестициялык долбоорду ишке ашыруу контрактына № 3 Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Кошумча макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |