Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 13-июлу № 379-б
Кыргыз Республикасынын калкынын жергиликтүү жана эл аралык авиамаршруттарда коопсуз учууларга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздоо, Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн туристтердин келүүсү үчүн мүмкүндүктөрдү кеңейтүү максатында, аба байланыштарын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык эки тараптуу макулдашууларында авиаташуучуларды дайындоо тууралуу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери кыргыз авиаташуучуларында заманбап аба кемелери жок болгондугуна байланыштуу көпчүлүк учурларда аткарылбай жаткандыгын көңүлгө алып, түркиялык "РЕGАSUS НАVА ТАSIМАCILIGI А.S." авиакомпаниясынын Кыргызстандын авиаташуулар рыногуна кирүүгө болгон ниетин эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети төмөнкү маселелерди иштеп чыксын:
- "Кыргызстан" авиакомпаниясы" ачык акционердик коому менен түркиялык "РЕGАSUS НАVА ТАSIМАCILIGI А.S." акционердик компаниясынын ортосундагы биргелешкен авиакомпанияны белгиленген тартипте түзүү жана каттоо жөнүндө, мында биргелешкен авиакомпанияны түзүүнүн шарттары жана тараптардын каралгаңдардан тышкары төмөнкүлөрдү камтыган милдеттенмелери эске алынсын:
- түркиялык тараптын милдеттенмелери - эл аралык аба жолдоруна Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ЖАЭУ) стандарттарынын талаптарына жооп берген үчтөн кем эмес аба кемесин жана ички аба жолдоруна - экиден кем эмес аба кемесин жеткирүү;
- кыргыз тараптын милдеттенмелери - түзүлүп жаткан биргелешкен авиакомпанияны артыкчылыктуу тартипте эл аралык аба жолдоруна дайындоо.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган иш-чараларга байланыштуу авиакомпанияларга жыштыктарды берүүнү үч айлык мөөнөткө токтото турсун.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |