Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 14-июлу № 380-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги менен "De La Rue International Limited" компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун 2006-жылдын үлгүсүндөгү бланкаларын жана MLIS (ТМ) пленкаларын жасоо жана берүү контрактына № 1 Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин директоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Кошумча макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
| И.Чудинов |