Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июлу № 385-б
"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте "Алабука" чек ара заставасын, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын Ала-Бука чек аралык отрядын жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Баймак айылындагы мурдагы балдар реабилитациялык борборунун имаратын оперативдүү башкаруу укугу менен Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын балансына өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган имаратты кабыл алуу-өткөрүүнү жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарды пайдалануу боюнча Топтомо реестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |