Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 15-июлу № 387-б
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык, мамлекеттик менчикте турган жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Бишкек шаарынын аймагында, Байтик баатыр - Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 0,4 га аянттагы жер участогу коомдук муктаждыктар үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |