КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 17-июлу № 388-б
Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юридикалык жактын статусу менен машина-трактордук станция түзүү жана анын ишмердиги үчүн зарыл болгон айыл чарба техникасын жана жабдууларды сатып алууга, ошондой эле машина-трактордук станция түзүү менен байланышкан башка чараларды көрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 356-б буйругуна ылайык райондук бюджетке келип түшкөн акча каражаттарды ал уюмга бөлүп берүү сунушталсын.
2. Айыл чарба техникасын жана жабдууларды сатып алуу "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Продукцияны ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелинин № 231 токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |