Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-январы № 60-б
1. Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени изилдөө боюнча төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
- Ахматов Султан Маматович, Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;
- Исаев Асеин Кусеинович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кожошев Арзыбек Орозбекович, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич, Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары;
- Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Джусупов Кубанычбек Калыгулович, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Маматалиев Абдырахман Мадакимович, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Абдикаримов Сабыржан Токтосунович, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачы;
- Касеийнов Кубат Усенкулович, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары;
- Курманалиев Кумушбек Бейшекеевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Касымалиев Адылбек Алешович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Нишанов Акылбек Савидалиевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;
- Давлеткельдиева Чинара Абдыкуловна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары;
- Абдыбалы тегин Суеркул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Тулегабылов Нурбек Мукашевич, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
2. Жумушчу топтун жетекчисине Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун департаменттеринин жана бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин деңгээлинде компетенттүү эксперттерден турган Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна катышуу маселелери боюнча уюштуруу жана аналитикалык материалдарды даярдоону ишке ашыруучу ведомстволор аралык эксперттик топ түзүүгө укук берилсин.
3. Жумушчу топ Бажы союзунун келишим-укуктук базасына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарын жана алардын тышкы соода ишмердигин жөнгө салуучу эл аралык келишимдерин талдоосун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|