Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 2-марты № 68-р
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-февралындагы № 35 КПҮ Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жөнүндө жобого ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине 2010-жылы жазгы-талаа иштерин ийгиликтүү жүргүзүүгө өбөлгө түзүүчү айылдык консультациялык кызматтарды тартуу жолу менен республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө маалыматтык-окутуучу иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө 1,2 млн. (бир миллион эки жүз миң) сом суммасындагы каражат бөлүнсүн.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|