Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 5-марты № 73-б
Табигый кырсыктан жапа чеккен Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселкасынын калкына, ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында жана "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясынан гуманитардык жардам катары келген унду төмөнкүлөргө өткөрүп берсин:
- 150,0 тонна унду Миң-Куш поселкасынын тургундары үчүн Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясына;
- 5,0 тонна унду Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясына;
- 4222,4 тонна унду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген бөлүштүрүүгө ылайык райондордун мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, облустук маанидеги шаарларга, райондук маанидеги шаарлардын шаар башкармалыктарына.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду унду жеткирүүнү камсыздоо үчүн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен транспорттук кызматтарды мамлекеттик сатып алууну ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5 тонна унду Ош облусунун Кара-Кулжа районуна жеткирүүнү камсыздасын.
4. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясы табигый кырсыктардан жапа чеккен райондун тургундарына акысыз негизде бөлүнүүчү жардамды даректүү тапшырууну камсыздасын.
5. Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы кыска мөөнөттө Миң-Куш поселкасынын жардам көрсөтүүгө муктаж болгон тургундарынын тизмесин түзсүн жана бөлүнгөн жардамды акысыз негизде даректүү тапшырууну камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы № 44-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацындагы "4372" саны "4222,4" саны менен алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "эки баласы бар үй-бүлөлөргө 25 кг, үч жана андан ашык балдары бар үй-бүлөлөргө 50 кг эсебинде" деген сөздөр "ай сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пособие алуучу балдары бар ар бир үй-бүлөгө 32 кг ун эсебинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна унду кабыл алуу жана аны райондук борборлорго жана шаарларга чейин жеткирүү менен байланышкан сарптоолордун ордун толтуруу үчүн акча каражатты каржыласын, ушул буйруктан келип чыгуучу "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.".
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|