Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-марты № 76-б
Бишкек шаарында 1993-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркемесине толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен Германия Федеративдик Республикасыныи Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|
Кыргыз Республикасыныи Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасыныи Элчилигине өз урматын билдирүү менен Элчиликтин 2008-жылдын 19-майындагы Вербалдык нотасынажооп катары 1993-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасыныи Өкметүнүн ортосундагы Маданият жөнүндө макулдашуунун тиркемесинин 3-пунктуна төмөнкү редакцияда кошумча киргизүүсүн Элчиликке сунуштайт:
"(3) 1 -пунктта көрсөтүлгөн, жиберүүчү өлкенүн жараны болуп, бирок кабыл алуучу өлкөнүн жараны болбогон адамдар барган мамлекеттин Мамлекетгик тыпжы иштер министрлигинде аккредитацияланууга тийиш, аларга тиешелүү түрдөгү аккредитациялык карточка берилет.".
Бул толуктоо Кыргыз Республикасына командировкага жиберилген немис мугалимдерине Кыргыз Республикасыныи МТИМи тарабынан "О" сериясындагы аккредитациялык карточкаларды берүү үчүн толук укуктук негизди түзөт.
Эгерде Германия Федеративдик Республикасыныи Өкмөтү жогоруда белгиленген жобону кабыл алса, Кыргыз Республикасыныи Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги бул нотаны жана Германия Федеративдик Республикасыныи Тышкы иштер министрлигинин жооп нотасын Кыргыз Республикасыныи Өкмө1ү сунуштаган ушул нотанын жоболоруна берилген макулдук катары эсептейт, бул ноталар Бишкек шаарында 1993-жылдын 23-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасыныи Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий кызматташтык жөнүнде макулдашуунун тиркемесине толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасыныи Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги менен Германия Федеративдик Республикасыныи Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы ноталарды алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасыныи Өкмөтү менен Германия Федеративдик Республикасыныи Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну түзөт.
Кыргыз Республикасыныи Мамлекеттик тышкы иштер мамлекеттик министрлиги учурдагы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Элчиликке өзүнүн терең урматын ырастайт.
Бишкек ш., 2010-жылдын «»
Германия Федеративдик Республикасынын
Элчилиги
Бишкек ш.