Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-марты № 76-б
2010-жылдын 2-мартында болгон жер титирөөдөн жапа чеккен Нарын облусунун Кочкор районундагы үйлөрдүн, коомдук арналыштагы объекттердин жана инженердик коммуникациялардын абалын, санын аныктоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
мамлекеттик администрация башчысынын - Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Жер титирөөгө туруктуу курулуш" институтунун директору;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Архитектура жана шаар куруу боюнча Кочкор башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор району боюнча бөлүмүнүн начальниги.
2. Комиссия эки жуманын ичинде:
- жер титирөөдөн жапа чеккен Нарын облусунун Кочкор районундагы үйлөрдү, коомдук арналыштагы объекттерди жана инженердик коммуникацияларды иликтөөнү жана алардын абалын, санын аныктоону жүргүзсүн;
- жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги комиссиянын ишине тартылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Жер титирөөгө туруктуу курулуш" институтунун адистеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын фондусунун каражаттарынан бөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|