Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-марты № 77-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому, "Кыргызнефть", "Франс Гидрокорбонс Лимитед өндүрүштүк бирикмелеринин ортосундагы 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялык макулдашуу боюнча сунуштарды даярдоо максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Карашев А.А. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасы;
Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Давыдов И.А. - Кыргыз Республикасынын энергетика министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Муканбетов С.Т. - Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
Примов А.А. - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк министринин орун басары;
Усубалиев Э.Дж. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Абжалиев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Масабиров Т.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Чынгожоев А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;
Эшенкулов Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коомунун иш-аракетин изилдесин, жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кыргыз Петролеум Компани" жабык акционердик коому, "Кыргызнефть", "Франс Гидрокорбонс Лимитед өндүрүштүк бирикмелеринин ортосундагы 1995-жылдын 20-декабрындагы Инвестициялык макулдашууну аткаруунун маселелери боюнча конкреттүү сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурларда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруу, методикалык жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|