Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 9-марты № 78-б
Европалык Союзу менен кызматташтыктын приоритеттүү багыттарын аныктоо жана курчап турган чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча жогорку даражадагы Европалык Союзу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 4-чү Конференциясын өткөрүү максатында:
1. Бишкек шаарында 2010-жылы Европалык Союзу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча жогорку даражадагы 4-чү Конференциясын даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөнкүдөй курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:
Жапаров А.У. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Дикамбаев А.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчисинин орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Курманалиев К.З. - Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары министри;
Давыдов И. А. - Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Исаев А.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлигинин стаст-катчысы (макулдашуу боюнча);
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Давлеткельдиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору;
Даиров И.А. - Борбордук Азиянын региондук кен борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө Европалык Союзу жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары жаатындагы кызматташтык маселелери боюнча жогорку даражадагы 4-чү Конференциясын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|