Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-марты № 80-б
"Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы проблемалар жана келечеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 2009-жылдын 22-декабрындагы чечимин аткаруу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин чечиминин 2.2 жана 2.3-пункттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн төмөнкү курамдагы Ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Тыналиева Ү.М. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Кубаев Б.Х. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы;
Нишанов А.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы;
Чолпонкулов Т.А. - Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору;
Кудайбергенова Д.К. - Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги;
Садыков К.Д. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын начальниги;
Исмаилов Б.И. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциянын начальниги;
Жолдошев А.Ж. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Марченко Л.Ю. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин стратегиялык жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн начальниги;
Балтиева В.Г. - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
Мамытов А.М. - Кыргыз билим берүү академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Аманова А.А. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигинин экономикалык процесстерди жөнгө салуу башкармалыгынын оперативдик программалар бөлүмүнүн башкы адиси;
Букуева М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттук-массалык иштер бөлүмүнүн башкы адиси;
Кодуранова А.А. - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишин координациялоо боюнча борборунун жетектөөчү адиси;
Исмайылов А. К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин укуктук жана кадрдык иштер башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
2. Ведомстволор аралык комиссия билим берүү жаатындагы нормативдик укуктук базасын андан ары өркүндөтүү максатында:
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 2009-жылдын 22-декабрындагы чечиминин 2.2. менен 2.3-пункттары боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин;
- Иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча иштерди аткаруу мөөнөтүнө ылайык жүзөгө ашырсын.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасына жүктөлгөн милдет-
терди аткаруу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттер менен консультанттарды белгиленген тартипте ишке кошумча тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|