Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 12-марты № 82-б
Кыргыз Республикасында "Биздин балдар - планетанын келечеги" эл аралык конгрессин уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. "Биздин балдар - планетанын келечеги" эл аралык конгрессине даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
"Айкөлдүк" эл аралык фондунун тең төрагасы, уюштуруу комитетинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Балдарды коргоо боюнча департаментинин директору, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттигинин директору.
2. Уюштуруу комитети бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган Конгресске даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Конгрессти өткөрүү менен байланышкан чыгымдар демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен төлөнсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|