Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 18-марты № 85-б
Казакстан Республикасынын Алматы облусунун Каратал жана Аксуу райондорунун табигый кырсыктан жабыркаган тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бөлүп берүүчү бюджеттик каражаттардын эсебинен бир булактан сатып алуу ыкмасы менен "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунан - 2160 такта шифер жана "Түтүк-шифердик ишкана" жоопкерчилиги чектелген коомунан 60 тонна цемент сатып алсын;
- мамлекеттик материалдык резервден брондон чыгарып, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине: 2000 даана - кир самынды, 20 комплект - 4 орундуу чатырды, 20 даана - фляганы, 2160 такта шиферди, 60 тонна цементти өткөрүп берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мурда брондон чыгарылган: 4 комплект - чатырды (УСБ-56), 200 комплект - комуфляждык жылуу кийим-кечектерди, 300 даана - меланжа жуурканын, 20 даана - "Буржуйка" жылытуу мештерин, 20 даана - суу челектерин өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктан жабыркаган Казакстан Республикасынын Алматы облусунун райондоруна гуманитардык жардамды жеткирүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги гуманитардык жүктөрдү белгиленген тартипте коштоону уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкүлөргө каражат бөлүп берсин:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Казакстан Республикасынын Алматы облусуна гуманитардык жардамды жеткирүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна:
мамлекеттик материалдык резервден 60 тонна цемент жана 2160 такта-шифер сатып алуу үчүн;
гуманитардык жардам катары берүү үчүн товардык-материалдык баалуулуктарды бөлүп берүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурууга.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө жогоруда аталган чыгымдарды эске алсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы:
- гуманитардык жүктү бажылык тариздөөнү жана жөнөтүүнү артыкчылыктуу тартипте камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу гуманитардык жүктү алып өтүүдө товарларды жана транспорт каражаттарын декларациялоодо бажылык тариздөө үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулсун.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усөнов
|